Ак Кудук айыл окмоту 2024 жылында Кыргыз республикасынын Президентинин 2023-ж.29декабрындагы #370 Жарлыгынын негизинде Милянфан айыл окмоту Ак Кудук айыл окмоту менен бириктирилип Ак Кудук айыл аймагынын Ак Кудук айыл өкмөтү борбору Киров айылы болуп дайындалды.
Ак-Кудук айыл аймагы Чуй облусунун чыгыш тарабындагы Ысык-Ата районунда айыл жергенсинде жайгашкан. Аймак чыгышта Кочкорбаев айыл аймагы менен батыштан Жайылма,Узун-Кыр айыл аймактары менен чектешет ж.б. Айылдык аймактын борбору Киров айылы.
Облустук борбордон алыстыгы 23км. Борбордон алыстыгы 35км. Жалпы аянты 11 152 мин кв.м. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 1100м.
АТР дин алкагында мурунку Милянфан жана Ак-КУдук айыл аймактары биригип 2024-жылы Борбору Киров айыл Ак-Кудук айыл өкмөтү болуп которулган. Айыл аймагын Хунчи, Ак-Кудук, Котовское, Киров, Первомайское жана Милянафан айылдары түзөт
Жалпы калкынын саны 2025-жылына карата 10940 түзду. 2374 үй чарбачылыгы бар. 3 мектеп, 4 бала бакча,2 жеке бала бакча, 4 маданият үйү, 3 ФАП, 1 ҮБДТ жана 1 №56 орто кесиптик лицейи жайгашкан
1 административдий мекемеси (айыл өкмөт) , 1 "Ак-Кудук Муниципалдык ишканасы бар.